Бишкек-Ош жолунун дагы үч жеринде кар көчкү түштү

874

Трасса жабык бойдон калууда. Качан ачылары белгисиз. Учурда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жаратылыш кырсыгы катталган жерге 11 атайын техника тартылган.

13-мартка караган түнү Чычкан капчыгайында көлөмү 2,5 миллион кубга жеткен кар түшүп, стратегиялык маанидеги жол үч күнгө жабылаары кабарланган. Бирок 14-мартта, 15-мартта дагы көчкү түшүп абалды ого бетер оорлотууда.

Учурда «Сосновка», «Арал» бекеттеринде 300гө жакын автоунаа турат.