Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын тыгыны жаралды

607

Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан Кусаин Исаев атындагы тоннелдин ичинде май ташыган унаа бузулуп калып, объекттин ичинде унаа тыгыны жаралды. Анын кесепетинен тоннелдин ичи түтөп, бир топ жүргүнчү өзүн жаман сезгенин окуяга күбө болгон бир топ күбөлөр кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жол инспекторлору ага чейин жол кырсыгы болушу мүмкүн деген маалыматтарды четке кагып, унаалардын тыгыны май ташыган унаанын тоннелдин ичинде туруп калганынан улам келип чыкканын кабарлашты. Анда эки тараптуу каттамдар токтотулуп, 1 саатка жетпей трафик жөнгө салынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.