Бишкек, Оштогу аэропортторду чет элдиктер башкарабы? (видео)

854

«Манас» аэропортун модернизациялоого берүүдө шарттарды аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Азырынча аба майданынын инфраструктурасын жакшыртууга кызыкдарлыгын бир гана түркиялык компания билдирген. Эгер орток пикир табылса, аэропортту башкарууну ошол чет өлкөлүк ишкана колго алат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, аба майданын толугу менен оңдоп-түзөп, эл аралык стандартка шайкеш келтирүүгө 300 миллион доллар керектелет. Инвестор салган каражатын актап, киреше тапмайынча аэропортту башкарып турат.