Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Жаныбек Абиров шайланды

1114

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, анын жетекчиси болуп Жумабек Салымбеков бекитилди. Ал эми төрага болуп КСДПнын депутаты Жаныбек Абиров шайланды. Буга чейин спикерлик кызматка Кыргызстан фракциясы Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин сунуштаган. Бирок ал кийин төрагалык үчүн ат салышуудан өз арызы менен баш тартты.

Кечээ Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүктүн коалициясы таркап, жаңы саясий бирикме КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика — Ата-Журт” фракцияларынан куралды. Ал эми “Кыргызстан” — оппозицияда калды.