Бишкек шаардык мэриясынын алдында Нариман Түлеевге каршы митинг өттү

1214

Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулган адамдар биринчи вице-мэр болуп дайындалган жана 20-октябрдан тартып мэрдин милдетин аткарары жарыяланган Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Митингдин катышуучулары анын мэрдин милдетин аткарып жатканы жана биринчи-вице мэр болуп дайындалышы мыйзамсыз деген пикирлерин билдиришти. Чогулгандар мамлекеттик кызматтарга жаңы, таза кадрларды дайындоону талап кылышты. Мэриянын алдында Нариман Түлеевди колдогон топ да чогулган.

Нааразы тараптын алдына Түлеев чыгып, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров менен сүйлөшө турганын, эгерде ал кызматтан кетүүгө уруксат берсе, кете турганын, мындан ары да иштеши керек десе, кызматта калаарын айтып, мэриянын имаратына кирип кетти. Митингге чыккандар мэрияга кирүүгө аракет кылышты, бирок ушул эле жерге Түлеевди колдоп чогулгандар алар менен тирешип, имаратка кирүүгө жол беришкен жок.

20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыялаган. Мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенде анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып калат.

Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

Түлеев 20-августта Азиз Суракматов менен чогуу өткөрүлгөн маалымат жыйынында өзүнөн соттуулук алынганын жана мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирген.