Бишкек шаардык милициясы катардагы жарандарды жумушка чакырууда

1090

Кайгуул күзөт кызматынын полку кайрадан түзүлгөнүнө байланыштуу 30 жашка чейин 80 киши талап кылынууда. Негизги талаптардын бири аскер кызматын өтөгөн, катардагы кызматка жарамдуу жаштар болушу керек.

2016-жылы милициянын Кайгуул күзөт кызматынын полку жоюлуп, Патрулдук милиция башкармалыгы болуп калган. Былтыр ноябрда башкармалыктын ордуна полк кайрадан түзүлдү. Ошондуктан, эми андагы бош орундар толтурулушу керек.