Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду камакта калтырды

1214

13-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Сапар Исаковго «Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган» деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон. Алгач ага эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.

Бирок 5-июнда тергөө органдары Исаковго тагылган айыптын оордугун эске алып, ошондой эле «тергөөгө басым жасашы мүмкүн» деген жүйө менен камакка алууну өтүнүп сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалап келет.