Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековго чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок

3437

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртпөй, Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты билдирди.

Эске салсак, Равшан Жээнбековду Ички иштер министрлиги 12-декабрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «барымтага алуу», «массалык башаламандык уюштуруу» беренелери боюнча айып коюлган. Эки күндөн кийин ага «бийликти күч менен басып алуу» беренеси да кошулган.

Ага чейин саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8 — августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн Тергөө кызматына суракка чакыртылып жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.