Бишкек шаардык сотунда Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралат

925

Отурум эртең мененки саат онго белгиленген. Мурдагы президент 8-августта кармалып, алгач Ички иштер министрлигине, андан кийин УКМКга жеткирилип, Биринчи май райондук сотунун судьяларынын чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган.

Алмазбек Атамбаевге «кылмышка кошо катышуу» жана «коррупция» беренелери боюнча расмий айып тагылган. 5 күндөн кийин Башкы прокуратура мурдагы президент 5 өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканы тууралуу кабарлаган. Бул — массалык башаламандыкты уюштуруу, адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу, барымтага алууну уюштуруу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу.

Кечээ болсо Аскер прокуратурасы Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жана Форум имаратынын менчикке өткөрүлүп берилиши боюнча дагы айып такса, бүгүн дагы бир кылмыш иши ачылганы белгилүү болду. Бул Кой-Таш айылында мыйзамсыз түрдө жер тилкесин алганы боюнча.

Аскер прокуратурасы берген маалымат боюнча, Алмазбек Атамбаев 2015-жылы 12-майда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовадан жер тилкесин сатып алган деп айыпталууда. Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев ошондой эле, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча да шектелип жатканын билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.