Бишкек шаардык жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголду

902

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн пайдасына атайын чечим чыгарган 7 судьяга карата кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сот тармагындагы жемкорлукту алдын алуу жана бөгөт коюу максатында текшерүү жүргүзүп, чет элдик инвесторлордун кыймылсыз мүлктөрүн «рейдерлик жолу менен басып алууга» тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун айрым өкүлдөрүнө карата «атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылганы» аныкталган.

Анда кайсы бир кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери, судьялар тарабынан мыйзамдуу деп табылган. Мунун негизинде Башкы прокутура Бишкек шаардык сотунун учурда иштеп жаткан 3 судьясына жана Жогорку Соттун учурда иштеген 3 жана мурда иштеп кеткен 1 фемида өкүлүнө карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Былтыр ноябрь айында, бул факты боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы жетекчисине карата да «жемкорлук» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.