Бишкек шаары 141 жылдыгын белгиледи (видео)

1147

«Бишкек шаарын Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айландырышыбыз керек». Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жана борбор шаардын тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Анда мамлекет башчысы, Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлерин белгилеп, жыл өткөн сайын кулачын керип кеңейип, өнүгүп, жаңыланып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, мамлекет башчысы «Бишкек — жашыл калаа» деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керектигин айтты. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел дейт, президент Сооронбай Жээнбеков. Белгилей кетсек, Бишкек шаары быйыл 141 жашка толду.