Бишкек шаары 141 жылдыгын белгилөөдө
1640
Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата мэрия майрамдык программа даярдады.
Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде эле башталган. «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери – россиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор – «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында 6 мүнөткө созулган фейерверк атылат.
Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.