Бишкек шаары бир күн өтпөй кайрадан жаңы мэрлүү болду (видео)

2246

Кечээ дайындалып, бүгүн эртең менен кызматтан алынган Эрмек Нургазиевдин ордуна Чүйдүн мурдагы губернатору Бактыбек Кудайбергенов келди. Буга нааразы болгондор мэриянын алдында кайрадан митинг өткөрүшүп, алар Кудайбергеновдун Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп келүүсүнө каршы экенин билдирип жатышты.

Баарынан кызыгы жаңы башчы 2 жылдан бери Бишкек мэриясы менен соттошуп жатыптыр. Буга чейин мекеме сотко кайрылып, анда Бактыбек Кудайбергеновдун жубайына катталган үйдү түрттүрүүгө милдеттендирүү өтүнүчүн келтирген. Соттук териштирүүлөр бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканы белгилүү болду.