Бишкек шаарында 83 жаштагы пенсионердин өлүмүнүн бети ачылды

853

Жүрөктүн үшүн алган окуя өткөн айда ордо калаадагы Жумушчулар шаарчасында катталган. Ал күнү Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына Лагерь көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде улгайган аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, пенсионердин колу байланып, башы кездеме менен таңылган бойдон табылган. Маркумдун денесин кароо учурунда, аял сабалып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Аталган факты боюнча «адам өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Бул окуя болгондон бир ай өткөндөн кийин гана Укук коргоо органдары ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга чейин соттолгон 38 жана 54 жаштагы кылмышка шектүүлөрдү кармашты. Алар жеке турак-жайда жалгыз жашаган пенсионерди тоноого аракет кылып, аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.