Бишкек шаарында дүкөндү карактоого шектүү үч киши кармалды

756

Бир ай мурда эле түрмөдөн чыккан кылмышкерлер дүкөн тоноп кайрадан камакка алынды. Маалыматтарга караганда, 3 кылмышкерден турган топ 3 күн мурда Бишкектин «Жал» кичирайонундагы дүкөндөрдүн бирине кирип, андагы сатуучуну тапанча менен коркутуп, кассадагы 80 миң сомду алып кетишкен.

Алардын дүкөндү тоноп жатканы видео байкоого камерасына түшүп калган. Соода жайынын ээси укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө аракеттеринин негизинде 3 адам колго тушурулгон. Тинтуу учурунда, алардын жанынан 2 тапанча табылган.

Ошондой эле, алар буга чейин да 7 дүкөндү тоногону аныкталган. Шектүүлөргө карата «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.