Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны эң жогору бойдон калууда

2837

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт. Алардын ичинен 34 учур чет жактан келгендерден тастыкталса, ал эми 197 учур жергиликтүү адамдардан аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун ичинен 194 адамга медициналык байкоо жүргүзүлүүдө. Ал эми коронавирус аныкталган 231 адамдын ичинен 190 жаран Бишкекте, алардын 69у калктуу конуштарда жашайт, ал эми 41 жаран башка аймактардын тургундары”, — деп кошумчалады ал.

Вице-мэр баса белгилегендей, статистика боюнча коронавирус жуктургандардын көбү — 82 адам Бишкек шаарынын Ленин районунда жашайт, ал эми Октябрь районунда — 45 адам, Биринчи май районунда – 41, Свердлов районунда – 21 адам.

Кыргызстанда 4-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 35 жаңы учур катталды. Жалпы ооругандардын саны 830 кишиге жетти. Алардын ичинен — Жалал-Абад облусунда – 123, Ош облусунда – 282, Чүй облусунда – 303, Баткен облусунда – 14, Нарын облусунда – 98, Ысык-Көл облусунда – 10 адам.

 

Райондор боюнча:

Жалал-Абад облусу:

— Сузак району – 85,

— Ала-Бука району – 15,

— Жалал-Абад шаары – 8,

— Аксы району – 2,

— Майлуу-Суу – 2,

— Тогуз-Тороо району — 3,

— Кара-Көл -1

— Чаткал району — 7

 

Ош облусу:

— Ош шаары — 113,

— Ноокат району – 113

— Кара-Суу району – 34,

— Өзгөн району – 20,

— Чоң-Алай району – 1,

— Алай — 1

 

Баткен облусу:

— Кызыл-Кыя шаары – 3,

— Баткен району – 4,

— Кадам-Жай району — 7

 

Нарын облусу:

— Нарын шаары – 11,

— Ат-Башы району – 70,

— Кочкор району – 3,

— Жумгал району – 14.

 

Чүй облусу:

— Бишкек шаары – 231,

— Аламүдүн району – 23,

— Москва району – 12,

— Сокулук району – 19,

— Кемин району – 7,

— Токмок шаары – 2,

— Жайыл району – 4,

— Ысык-Ата району – 4,

— Чүй району -1.

 

Ысык-Көл облусу:

— Түп району – 2,

— Ак-Суу району – 1,

— Каракол шаары – 6,

— Балыкчы — 1.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.