Бишкек шаарында куштар үйлүү боло башташты (видео)

877

Уялар да жөнөкөй эмес. Түркүн түскө боелуп, эч кандай кошулмасыз, табигый каражаттар менен жасалган. «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы уялар боюнча жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды. Анда эмгектеринин оригиналдуулугу менен айырмаланган шаар тургуну Мелисбек Рыскулов жеңип чыкты. Кароо сынакка 10го жакын уя келип түшкөн. Жеңүүчүлөр социалдык тармак аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталды.