Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган кафе түрттүрүлдү

701

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан бул тамактануучу жай электр линиянын алдына салынган. Буга мыйзам жол бербейт. Бирок жеке ишкер буга баш ийбей, 1 жылдан ашуун убакыттан бери кафе иштетип келген.

Мындан улам, имарат толугу менен бузулду. Анын ордуна унаа токтоочу жай куруу пландалууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы берген маалыматка ылайык, өткөн жылы Бишкекте мыйзамсыз курулган мындай объекттердин саны 3000ге чукулдаган. Ал эми акыркы 3 айдын ичинде эле 800 объект катталган. Эми бул жайларга да тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.