Бишкек шаарында жылуулук бериле баштады (видео)

883

Эртең менентен тарта системага борбор калаадагы оорукана, бала-бакча жана мектептер кошулду. Бирок айрым билим берүү мекемелердин жетекчилиги каражатты үнөмдөө максатында убактылуу жылуулуктан баш тартышты, деди башкы энергетик Айбек Калиев. Бирок шаардык билим берүү департаменти бул маалыматты четке какты. Борбор калаада жылуулукка убактылуу кошулуудан баш тарткан мектептер жок, дейт аткаминерлер. Бүгүн энергетиктер маалымат жыйын өткөрүп, кышка даярдык тууралуу айтып беришти. Быйыл кышта 3 фазалуу электр энергиясын үйдү жылытуу үчүн колдонууга уруксат берилээри маалым болду.