Бишкек шаарындагы коомдук транспорт адаттагы режимде иштеп баштады

3821

1-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү. Троллейбус, автобус жана кичи автобустар таң аткандан түнгө чейин каттамга чыгат.

Мэрия жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактап, беткап тагууга чакырды. Автоунаа салонунда санитайзер жана башка дезинфекция каражаттарынын бар-жогу текшерилип турат.

Кыргызстанда март айында коронавирус жуккандар аныкталып, шаарларда коомдук транспорт дээрлик эки айга токтотулган. Кийинчерээк убак-убагы менен эл ташууга уруксат берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.