Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

851

Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси жана Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлагандай, камакка алуу буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашырылган.

Белгилүү болгондой, бажы кызматынын мурдагы төрагасы 2015-2016-жылдары тапшырган декларациясында автоунаасы жана компанияларда үлүшү жок экени көрсөтүлгөн. Кулматовго таандык мүлк — аянты 64 чарчы метр болгон 1 батир бар.

2015-жылы Кубанычбек Кулматов 813 миң сом киреше тапкан. Бирок бул сумма ал Бишкектин мэри катары алган айлыгыбы же кошумча кирешеси да кошулганбы белгисиз. 2016-жылы ал 829 миң сом тапкан.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго бир жума мурда  «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 21-майда айыбы угузулган.