Бишкек шаарынын ичиндеги абактар которулат (видео)

1148

Бишкек шаарынын ичиндеги №47-түзөтүү колониясы менен №1-тергөө абагы Чүй областындагы Молдовановка айылына көчүрүлүшү мүмкүн. Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев аталган жабык мекемелерди башка жакка которуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Учурда түрмөлөргө ылайыктуу жер жана имараттар изделүүдө. Каражат маселеси дагы азырынча чечиле элек. Адистердин эсептөөсүндө, эки абакты көчүрүүгө эле кеминде 3 миллиард сом кетет. Мынча сумма бюджетте каралбагандыктан, тышкы булактардан табуу керек.