Бишкек шаарынын мэрине нааразылар көбөйүүдө (видео)

1031

Бишкекте 84 гектар жердин ижарага берилип, көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп кеткенинин мыйзамдуулугун шаардык кеңеш иликтейт. Бул тууралуу калаа парламентинин депутаттары билдиришти. Ошондой эле, талдоочулар мэр Албек Ибраимовден дарактардын массалык кыйылышы, 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алуу, жолдордун сапаты боюнча сураганга убакыт келгенин айтышат. Ал арада шаардык кеңештин депутаттары мэрдин өткөн жылдагы отчетун май айынын башында угууга камынып жатканы белгилүү болду. Бул Албек Ибраимовдун кызматтык тагдыры үчүн чечүүчү учур болушу мүмкүн.