Бишкек шаарынын тургуну 100 жашка чыкты (видео)

1708

Бир кылымды карыткан эне. Бишкек шаарынын тургуну Евдокия Кордина 100 жашка чыкты. Ал 1920-жылы жарык дүйнөгө келген. 100дүн тамагын ичип жаткан апа Россиянын Новосибирск областында төрөлгөн. Кыргызтанга ата-энеси менен 1939-жылы келген.

Евдокия Сидоровна өмүрүнүн көбүн ишке арнаган. Учурда дөөлөттүү карылык сүрүп жаткан апа уулу менен турат. Басып-турганы тың болгону менен, көрүүсү жана угуусу начарлаган. Бирок шайдоот мүнөз апа карылыкка эч моюн сунгусу келбейт.