Бишкек ШИИБ: тартип сакчыларын эч ким коркуткан эмес

1682

Ички иштер министринин орун басары кол алдындагылардан акча опузалап жатат деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Буга чейин айрым маалымат каражаттарына Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан милиция бөлүмүнүн кызматкерлери министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун үстүнөн министр Улан Исраиловго арызданышканы кабарланган.

Анда “Дордой” базарынын коопсуздугуна жооп берген 11-милиция бөлүмүнүн кызматкерлери министрдин орун басары Данияр Абдыкаров аларды “маал-маалы менен акча төлөп турууга” мажбурлап, болбосо кызматтан бошотулат деп коркутуп опузалаганы айтылган. Өз коопсуздугу үчүн алар аты-жөнүн жашырышкан.

Бул боюнча шаардык милиция өз ара иликтөө жүргүзүп, тартип сакчыларын эч ким коркуткан эмес жана эч ким арызданбаптыр деген бүтүмгө келишкен.