Бишкек ТЭЦи бир жылдан кийин (видео)

921

Өткөн жылдагы кырсыкты эске салган Бишкек жылуулук электр борборундагы мүчүлүштүк. 26-январда Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары жылуулуксуз, ысык-суусуз калышты. «Электр станциялары» ишканасынан кабарлашкандай, бул жолу адистер пландуу текшерүү маалында ТЭЦте түтүктө жарака кеткенин байкашкан.

Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жылуулукту убактылуу өчүрүүгө туура келген. Абал бир күн ичинде жөнгө салынып, жылуулук кайра калыбына келтирилди. Быйыл адистер былтыркыдай шаардыктардан көп тил уккан жок. Анткени күн жылуу болуп, үйлөр анча деле муздаган эмес.