Бишкек ТЭЦи боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголобу? (видео)

709

Парламент Бишкек жылуулук электр борбору боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кандай баа берилерине кызыкты. Жогорку Кеңештин депутаттары ТЭЦти модернизациялоого алынган кредиттин сарпталышы боюнча тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат алышты. Башкы прокурордун айтымында, жылуулук борборун 50 миллион долларга эле жаңылоого болмок.

Бирок каражат 7 эсеге көп сарпталган. Буга байланыштуу чечимди Сапар Исаков кабыл алып, баардык ишке кийлигишкен, дейт Өткүрбек Жамшитов. Ошондой эле ал Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлктөрү изделип жатканын билдирди.