Бишкек ТЭЦи боюнча иште кайсы аткаминердин “башы кетет”? (видео)

696

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын корутундусу 10-апрелге чейин даяр болот. Келээрки дүйшөмбүдө комиссия мүчөлөрү жыйынтыктоочу отурумга чогулганы турат. Ага мурдагы 2 премьер-министр, убагында Кытайга барып келген депутаттар жана укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылган. Парламенттик комиссиянын корутундусу көпчүлүк күткөндөй болот, деп ишендиришүүдө. Маалыматтар жашырылбай, тиешеси бар жетекчилердин ысымдарынын баары ачыкталат экен. Тагыраагы, өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы чыгарган бүтүмдөн бир топ эле айырмаланат, дешет депутаттар. Парламенттик комиссия ТЭЦ боюнча эл күткөндөй саясий баа бере алабы?