Бишкек ТЭЦи боюнча камалгандардын саны онго жетти (видео)

1306

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 2 айга камакка алынды. Эл өкүлү кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылып, ага карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алдында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов да кечээ күнү кечинде соттун чечими менен 2 айга камалган болчу. Мурдагы аткаминерлер Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого бөлүнгөн 386 миллион долларды пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Ал арада эксперттер дагы башка ири суммадагы каражаттар жумшалган долбоорлорду да текшерүү керектигин айтышууда.