Бишкек ТЭЦи: көмүр жазга чейин жетеби? (видео)

1629

Учурда Бишкек жылуулук электр борборунун кампасында 281 миң тонна гана көмүр бар. Ал эми күз-кыш мезгилдериндеги жылытуу сезону үчүн бул ишканага 1 миллион 560 миң тонна кара отун керектелет. Мындай айрыма көпчүлүгү кооптондуруп, кышында Бишкек ТЭЦинде көмүр таңсыктыгы жаралбайбы деп суроо салгандар арбыды.

Аталган ишкананын жетекчилиги болсо, көмүр ташып келүү үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкек жылуулук электр борборуна кошумча жүк артылып, электр энергиясын болуп чыгаруу тапшырмасы да коюлган. Андыктан ТЭЦтин даярдыгы көпчүлүктү ойлондуруп турган чагы.