Бишкек ТЭЦи кышка даярбы, калктын камылгасы кандай? (видео)

1192

Кыш жакындаган сайын кампаларда көмүр тартыштыгы жоюлбай жатканы тургундарды түйшөлтүүдө. Бишкектеги отун базаларга Кара-Кеченин көмүрү ташыла элек. Бирин-экин Камаз келгени менен алар бат эле сатылып кетилип жатыптыр. Ал арада ишканалар Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташып жеткирүүдө пландан 30 пайызга артка калып жатканы да белгилүү болду.

Жетекчилер муну быйыл Бишкек ТЭЦине жергиликтүү көмүрдүн көлөмү көбөйтүлгөндүктө ата мекендик компаниялар кендерде анын майдасын казууга өткөнү менен түшүндүрүшүүдө.