Бишкек ТЭЦи кышка даярбы? (видео)

668

Бишкек жылуулук электр борбору кыш мезгилине толугу менен даяр. Бирок анча оор эмес авариялык кырдаалдар жаралып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаев билдирди. Бул стратегиялык мекемеде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү.

Анда журналисттерге бир ай мурда гана бүткөрүлүп ишке берилген химиялык цехти көрүүгө мүмкүн болгон жок. Ал жакка депутаттар гана киргизилди. Ошондой эле, былтыр авария болгон учурда терезелери жок, шыбы бүтөлбөй турган имарат 85 пайызга бүткөрүлгөнү кабарланды.