Бишкек ТЭЦи Кытайга өтүп кетеби? (видео)

1225

Тышкы карыздарды төлөө кечиктирилсе, Кыргызстандын ири инфраструктуралык обьекттери Кытайга өтүп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Азаттык” уналгысына интервью берип жатып билдирди. Айтымында, убагында эки тараптуу келишимде дал ушундай көрсөтүлүп калган.

Тактап айтканда, өлкө үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү ири обьекттер күрөөгө коюлган. Ал арада, тышкы карызды төлөөгө деп ачылган атайын эсепке 12 миллион сом топтолгону белгилүү болду. Айрым жарандар кол кабыш кылуу үчүн 50 сомдон өйдө көтөрүп жатышыптыр. 5 миллиард долларга чукулдаган бересе жана аны кайтаруу жолдору кандай?