Бишкек ТЭЦи модернизацияланып, ишке берилди (видео)

1195

Бишкек жылуулук энерго борбору модернизациялоодон кийин бүгүн ишке берилди. Анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышып, Кыргызстан электр энергия көз карандысыздыгына жеткенин билдирди. Бишкек ТЭЦинин бир бөлүгүн толугу менен жаңылоо үчүн Кытайдан 385 миллион доллар кредит алынган. Модернизациялоого жалпы жонунан 3 жыл 3 ай убакыт кетти. Энергетиктердин айтымында, эми жылуулук борборунун кубаттуулугу мурдагыга караганда бир топ жогору болуп калды. Иштөө толугу менен компьютерлештирилип, кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартууга шарт түзүлдү.