Бишкек ТЭЦинде жаңы жаңжал чыгууда (видео)

841

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны бүгүн жабык эшик артында өттү. Отурумга журналисттер киргизилген жок. Бул жолу ТЭЦти оңдоодо ири каражаттардын кымырылышы боюнча мурдагы министрлер жана башка жооптуу кызматкерлер чакырылары айтылган. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү өткөн жыйында мурдагы премьер-министр — Жантөрө Сатыбалдиевдин келишин да талап кылышкан. Ал арада, барган сайын жылуулук электр борборунун тегерегинде жаңжал күчөп, таасирдүү аткаминерлердин аты айтыла баштады. Бул маселеге байланыштуу УКМК өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевден сурак алды.