Бишкек ТЭЦиндеги авариянын былыктары чыгууда (видео)

883

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча жетекчилер эми бири-бирин күнөөлөй башташты. Кечээ күнү парламенттик комиссиянын кезектеги отуруму тийишелүү мекемелердин жетекчилеринин жана депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу менен коштолду. ТЭЦтин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу бул боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү керектигин билдирип, Улуттук энергетикалык холдинг, Электр станциялары жана жылуулук электр борборунун азыркы башчыларынын ишин сынга алды. Парламентарийлер мындай жагдайдын алдын алууда өкмөт чабалдыгын көрсөтүп койду дешет. Анан да эл өкүлдөрү аткаминерлер кытайлык компания даярдаган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин убагында окуп изилдеп чыккан эмес окшойт, деген пикирин билдиришти.