Бишкек ТЭЦиндеги чуулгандуу окуя боюнча жалпысынан 4 кылмыш иши козголгон

800

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария жана модернизация боюнча кылмыш иштеринин бирин сотто кароо уланат. Буга чейин Биринчи май райондук сотундагы териштирүү 12-октябрда башталып, акыркы отурум 26-октябрда өткөн.

Бул иш боюнча «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов айыпталууда.

26-октябрда өткөн жараянда Айбек Калиев менен Нурлан Садыковго айыбы расмий угузулган. Бишкек ТЭЦиндеги чуулгандуу окуя боюнча жалпысынан 4 кылмыш иши козголгон. Ал иштердин алкагында мурдагы өкмөт башчылар — Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурушат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.