Бишкек ТЭЦиндеги жаңы блок ишке берилди

767

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын директору Айбек Калиевдин айтымында, анын кубаттуулугу 250 мегаваттка жетип, 88 градустагы ысык суу берет. Муну менен системадан чыккан суунун температурасы 66-67 градусту түзөт. Кечээ саат 14:00дө жаңы блокко суу куюлуп, кечки ондордо от казандар жагыла баштаган.

Бүгүн таңга маал саат бештерде блоктун кубаттуулугу жогорулатылып, системага жылуулук жөнөтүлүп, андагы температура 10 градуска көтөрүлгөн. Эми жылуулукту бир калыпка жеткирүүгө бир нече саат керектелет. Айбек Калиевдин айтымында, буга чейин эски от казанга суу жетпей жаткандыктан, жаңы блокту ишке киргизүүгө мүмкүн болгон эмес.