Бишкек-Торугарт жолунда орнотулган камераларды аткылап кеткендер кармала элек

652

Бишкек-Торугарт автожолундагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камераны ок атуучу курал менен аткылап кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, белгисиз бирөөлөр Бишкектен анча алыс эмес жерде орнотулган видеокөзөмөл аппараттарын бүлдүрүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Азырынча кандай курал колдонулганы аныктала элек. Бул факт кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

Эске салсак, быйыл 18-апрель күнү да, Гидростроитель айылына жакын жерде Бишкек-Торугарт трассасында орнотулган камераларды кимдир бирөөлөр ок атуучу курал менен аткылап кетишкен. Шектүүлөр азырынча кармала элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.