Бишкек-Торугарт жолундагы Боом капчыгайы убактылуу жабылат

1111

«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, 29-31-май күндөрү капчыгайдагы кооптуу аймакта атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Ошол себептүү жолдун 131-132-чакырымы саат 9.00дон 15.00го чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Адистердин айтымында, топтолгон унаалардын саны 30-40тан ашканда автоунаалар өткөрүлүп турат.

Эске салсак, өткөн ишемби күнү Боом капчыгайында таш кулап, андан жүк ташыган унаа талкаланган. Бактыга жараша ал окуядан унаанын айдоочусу жана башка адамдар жапа чеккен эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.