Бишкек үчүн газ менен жүргөн 350 автобус алынат (видео)

662

Бишкек шаары үчүн жаратылыш газы менен жүргөн 350 жаңы автобус алынат. Бул үчүн зарыл каражатты «Газпом Кыргызстан» компаниясы бөлүп берет. Баш калаага жаңы коомдук транспорт алуу тууралуу меморандумга кол коюу Бухара газ районунан Ташкент, Бишкек жана Алматыны көздөй кеткен көгүлтүр от магистралындагы жаңы Өлчөө станциясынын ачылуу аземинде белгилүү болду.