Бишкек: январда 15 киши суукка тоңуп каза тапты (видео)

941

Бишкек шаарында январь айында 15 киши суукка тоңуп каза тапты. Милициядан кабарлашкандай, алардын баары үй-жайсыз адамдар. Ошондой эле, түндө Балыкчы калаасында бир кишини катуу үшүк алып, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Учурда Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда суукка кабылып, жабыркаган 8 адам дарыланууда. Алардын бири ооруканага кеч кайрылгандыктан, бутунун беш манжасын кесүүгө туура келген. Азыр анын абалы туруктуу. Дарыгерлер үшүк алгандын биринчи белгилери байкалаары менен дароо врачтарга кайрылууга чакырышат. Ошондой эле, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери үшүктөн жабыркабоо үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу билдирүү таратышты.