Бишкек жана Оштун көчөлөрүндө ноябрдын аягына чейин камералар коюлат

923

17 күндүн ичинде Бишкек менен Ош шаарларынын көчөлөрүнө жол эрежесин бузгандарды каттоо боюнча видео, фото камералар орнотулушу керек. Бул тууралуу жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча кабыл алынган токтомдо жазылган. Анда чаралардын комплекси 103 пункттан туруп, аны жүзөгө ашыруу үчүн 148 иш жасалышы керек.

Алсак, 30-ноябрга чейин эки ири калаа видеокамералар менен камсыздалса, 2018-жылдын февралына чейин патрулдук автоунааларга керектүү жабдыктар орнотулушу зарыл. Ал эми инспекторлорго планшеттер таратылып, ал аркылуу борбордук базадан түз маалымат ала алышат.

Ошондой эле, кийинки жылдын март айына чейин чиби бар айдоочулук күбөлүктөр даярдалып, анда документ ээси канча ирет жол эрежесин бузганы, айып пулдарды төлөгөнү жазылышы керек. Мындан тышкары, ушул айдын аягына чейин маалыматтардын борбордук банкы түзүлөт.

Анда жол эрежесин бузгандар авариялар тууралуу канча айдоочулук күбөлүгү кимге берилгендиги жөнүндө, аварияга катышкан автоунаалар, бүтүрүүчүлөрү жол кырсыгына кабылган автомектептердин тизмеси жана техникалык кароодон өткөн машиналар тууралуу маалыматтар болот. Бул пландын баарын ишке ашыруу үчүн каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.