Бишкек жылуулук борборунда чыккан өрттүн кесепеттери кандай? (видео)

1600

Бишкек шаарында электр энергиясын колдонуу көрсөтүлгөн чектен 6 миллион киловатт-саатка көп болууда. Натыйжада жогорку чыңалуудагы кабелдер, аба чубалгылары жана көмөк чордондор бузула баштады. Аларды авариялык абалга жеткирбеш үчүн жумушчулар күнүнө 10-15 аймакта оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Кечээ түштөн кийин Бишкектин түштүк-чыгыш тарабында жашагандар электр жарыксыз калышкан. Анткени “Восточная” деп аталган көмөк чордондо автоматтык өчүү болгон. Эмнеге мындай көрүнүштөр бат-бат кайталанып жатат? Алдыда дагы өчүрүүлөр болобу? Бишкек жылуулук борборунда чыккан өрттүн кесепеттери кандай?