Бишкекке 18 метрлик автобус жана электробус алып келинет (видео)

2128

Бишкекте коомдук транспорттордун жаңы түрлөрү пайда болушу мүмкүн. Мэрия 18 метрлик 515 автобус жана 100гө жакын электробус сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Бишкек автотранспорт ишканасынан билдиришти.

Аталган транспорттор 15 жылдык мөөнөт менен лизингге алынышы мүмкүн. Ар кандай узундуктагы автобус менен электробустарды алуу боюнча тендер январь, февраль айларында жарыяланышы күтүлүүдө.