Бишкекке алып келинген 25 адамдын ичинен экөөнүн абалы оор (видео)

1491

Баткенден Бишкекке алып келинген 25 адамдын ичинен экөөнүн абалы оор. Калгандарыныкы орточо жана туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу ак халатчандар айтышууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алгандар бүгүн таңкы саат бештерде атайын учак менен Бишкекке жеткирилген.

Жабырланучулар ордо калаадагы үч ооруканага жаткырылган. Алынган маалыматтар боюнча, Бишкектен ондон ашык дарыгер Баткендеги ооруканаларга жөнөтүлдү.