Бишкекке кирген авто унаалардан төлөм алуу керек (видео)

824

Аймактардан Бишкекке кирген авто унаалардан төлөмдөрдү алуу керек. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жүргөн унаалардын 80 пайызынын жылы эскирген. Бул абанын булгашын шарттап, ар кандай коркунучтуу ооруларды козгоп жатканын белгилеген эл өкүлү бул маселени чечүү үчүн машиналарга салыкты көтөрүүнү сунуштады. Ошондой эле, парламенттин бүгүнкү отурумунда өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюу көрүнүшү күч алып жатканы айтылып, Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө эскерүү иш чараларына басып барбаган аткаминерлер сынга алынды.