Бишкекте 1 миллиондон ашуун гүл отургузулат (видео)

770

Бишкекте багбандар борбор калааны көрктөндүрүүгө камына баштады. Бул жылы шаар түрлүү гүлдөргө чулганат деп убада кылышууда. Учурда көчө жээктерине отургузулчу өсүмдүктөрдүн көчөттөрү даярдалып жатат. Алардын уругу Чехия менен Германиядан алынып келинген. Баш калааны жашылдандыруу иштери апрель айынын аягында башталып, 1 миллион 300 миңге жакын гүл отургузулат. Шаар боюнча бир жылдык өсүмдүктөр тигилчү аянт 3 гектарды түзөт.