Бишкекте 1 тонна беш бармак жана 100 метрлик чучук жасалат (видео)

2344

Бишкекте ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата бир тонна беш бармак жана жүз метрлик чучук даярдалат. Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракеттин максаты — кыргыздын улуттук тамак-ашын Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү дешет. Технологдор 1 тонна беш бармак үчүн 5 жылкы, 13 кап ун керектелээрин аныкташкан. Союш жана башка керектүү азыктар менен демөөрчүлөр камсыздашат. Эми Лондондон чакырылган Гиннес китебинин өкүлдөрүнүн чыгымдарын көтөрүү үчүн каражат чогултуу керек экен. Бул Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрүн Гиннес китебине киргизүү боюнча алгачкы аракет эмес. Мындан 2 жыл мурда Кыргызстанда бийиктиги 3 метрге жеткен калпак жасалып, бирок каражаттын жоктугунан рекорддор китебине кирбей калган.