Бишкекте 1-жолу мусулмандардын сүрөт көргөзмөсү өттү (видео)

846

Өткөн ишемби күнү өлкөдө биринчи жолу мусулмандардын сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда белгилүү сүрөтчүлөрдөн тышкары, жаңыдан ишин баштаган фотографтардын да эмгектери коюлган. Мындан тышкары, каллиграфия жанрындагы экспонаттарды көрүүгө мүмкүн болду. Бул иш-чара менен бирге, белгилүү диний окумуштуу Кадыр Маликовдун китептеринин бет ачары да болуп өттү. Ал өзүнүн эмгектеринде Ислам дини аркылуу заманбап коомдогу бир кыйла маселелерди чагылдырууга аракет кылганын белгиледи. Китептеринде паракорчулук жана жол коопсуздугу сыяктуу актуалдуу көйгөйлөр тууралуу айтылган.